Иранда жер титиреди
Жер титирөөнүн 10 километр тереңдикте болгондугу билдирилди.
1714302
Ирандын түштүк-батышындагы Чахармахал-Бахтиари аймагында күчү 5,7ге жеткен жер титирөө болду.
Тегеран университетинин сейсмология борборунун билдирүүсүнө караганда, эпицентри Чахармахал-Бахтиари аймагынын Кухренг районунда болгон жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 06.09да катталды.
Жер титирөөнүн 10 километр тереңдикте болгондугу билдирилди.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарындагы кабарларда, жер титирөөдөн кийин аймакка издөө-куткаруу топтору жөнөтүлгөндүгү, жаракат алгандардын бар экени жана кээ бир үйлөрдүн жабыркаганы кабарланды.