НАТО Эрбилде экинчи аскердик штабын ачат

Эрбилде Жосеп Боррелл менен жолуккан Ирак Күрт Аймактык Өкмөтүнүн (ИКАӨ) президенти Нечирван Барзани биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

1704271
НАТО Эрбилде экинчи аскердик штабын ачат

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл НАТОнун Ирактын Эрбил шаарында экинчи штабын ачууну пландап жатканын айтты.

Эрбилде Жосеп Боррелл менен жолуккан Ирак Күрт Аймактык Өкмөтүнүн (ИКАӨ) президенти Нечирван Барзани биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Боррелл ИКАӨнүн Ирактын жана региондун стабилдүүлүгүндө маанилүү роль ойногонун, Эрбил менен Багдаддын ортосундагы жакшы мамилелерди көрүүдөн кубанычта болушарын жана бул мамилелерди бекемдөөгө аракет кыларын белгиледи.

ЕБнын ДЕАШ террордук уюмуна каршы ИКАӨгө колдоо көрсөтүүгө чечкиндүү экенин белгилеген Боррелл, бул уюмдун али бүтө электигинен кабардар экендиктерин айтты.

Боррелл, Эрбилде НАТОнун аскердик кеңешчилер үчүн экинчи штабы ачылышы менен катар ЕБнын аскердик кеңешчилеринин ИКАӨдөгү иштеринин улантыла турганын кошумчалады.

Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Боррелл мурунку күнү баш калаа Багдадда Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар