Лавров: «Ооганстан маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар»

Лавров борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

1702156
Лавров: «Ооганстан маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстан маселесин тынчтык жолу менен чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп: «Талибан менен ооган тажиктеринин ортосунда сүйлөшүүлөр кайра башталат деп үмүттөнөм»,-деди.

Лавров борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

Ооганстан маселесине баа берген Лавров, Ооганстандын Панджшер облусундагы тажик тектүү топтор менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн токтотулганына көңүл бурду.

Лавров: «Ооган маселесин тынчтык жолу менен чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Ооганстандын түндүгүндөгү Панджшер өрөөнүндө акыркы аракеттин учкундары сүйлөшүүлөргө айланат деп үмүттөнөм. Бул сүйлөшүүлөр башталган болчу, андан кийин алар үзгүлтүккө учурап, кагылышуулар башталган. Талибан менен ооган тажиктеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталарына ишенем»,-деп айтты.

Ооганстанда талибдер менен бирге бардык саясий жана этникалык күчтөр менен байланышта экендиктерин билдирген Лавров, бул күчтөрдүн ортосунда диалог түзүү үчүн демилге көтөргөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар