Учактан кулап каза болгон оогандарды мазакташты

Чуулгандуу футболкалар Америка Кошмо Штаттарындагы сатуу платформасында сатылды.

1694556
Учактан кулап каза болгон оогандарды мазакташты

Афганистандын борбору Кабулда кризиске айланган эвакуация учурунда америкалык учакка жармашып качып кетүүгө аракет кылып жатканда кулаган афгандардын сүрөтү менен футболкалар чыгарылды.

Чуулгандуу футболкалар Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) сатуу платформасында сатылды.

Ооганстанда талибдер жекшемби күнү борбор шаар Кабулду басып алгандан кийин өлкөдөн качууга аракет кылган адамдардын үрөй учурган видеолору биринин артынан бири пайда болгон.

Чуулгандуу көрүнүштөрдүн бири да ооган эли өлкөдөн чыгып кетүү үчүн аэропортто америкалык учактын канатын жана конуу механизмин кармап качып кетүүгө аракет кылышы эле.

Ал кишилердин учактан кулаган коркунучтуу көрүнүштөрү үрөй учурса, АКШдагы сатуу платформасында ошол фотосүрөттөр футболкаларга басылып сатыкка коюлду.

Интернет-сайтында сатылган жана каза болгон оогандарды мазактаган футболкаларда "Кабул  Skydiving Club" деп жазылган.

Сайтта бийиктиктен жерге кулап түшүп көз жумган афгандыктардын фотосүрөттөрү орун алган футболкалардын моделдери жана түстөрүнүн варианттары да бар.

Футболкалардын орточо сатуу баасы 22 доллар.



Тектеш кабарлар