Япониянын премьер - министри : "Бейтаптар менен олимпиаданын ортосунда байланыш жок"

Япония Токио Олимпиадалары менен көбөйгөн Ковид  - 19  бейтаптарынын ортосунда байланыш бар деген ырастоолорду четке какты.

1682766

Премьер  - минстр Суга Йошихиде өткөргөн пресс  - жыйында 23 -  июлда ачылышы болгон Токио Олимпиадаларынан кийин акыркы күндөрдө рекорддук деңгээлге жеткен бейтап санынын көбөйүшүнүн арасында байланышты көрбөгөндүгүн айтты.

Суга : «Эпидемиянын чет элдик адамдардан жайылышын токтотуу үчүн катуу көзөмөлдөөнү камтыган, вирусту алдына алуучу чараларды колдонуудабыз. Менин оюмча эч бир байланыш жок»,- деди.

Кечээ Японияда эпидемиянын башынан берки эң жогорку бейтап саны катталды. Жалпы өлкөдө бейтап саны бир күндө 10 000ден ашуун болду.

Өлкөдө вируска байланыштуу каза болгон адам саны 15 188ге, бейтап саны 904 миң 36га жогорулады. Реанимацияда 539 адам Ковид – 19дан  дарыланууда.

Тектеш кабарлар