АКШ менен Германия "Түндүк Агым 2" долбоору боюнча келишти

Келишим менен АКШ жана Германия Россиянын "Түндүк Аным 2" түтүк жолун саясий бир курал катары колдонуу аракетине каршы чыгуу убадасын берди.

1678687
АКШ менен Германия "Түндүк Агым 2" долбоору боюнча келишти

АКШ менен Германия Россиядан Европага созулган "Түндүк Агым 2" түтүк жолу долбоорунун акырына чыгарылышына уруксат бере турган келишимге кол коюшту.

Келишим менен АКШ жана Германия Россиянын "Түндүк Агым 2" түтүк жолун саясий бир курал катары колдонуу аракетине каршы чыгуу убадасын берди.

Эки өлкө тарабынан берилген биргелешкен маалыматта : «АКШ жана Германия  санкциялар жана башка каражаттар менен Россияны агрессивдүүлүгү жана жаман ниеттүү кыймылдарынан жоопко тартуу  пикири боюнча бирикти»,- деп билдирилди.

Россиянын энергетиканы бир курал катары колдонуу же Украинага карата дагы көп чара көрө турган болсо Германиянын улуттук деңгээлде аракетке өтөрү белгиленди.

Маалыматта Россиянын энергетика тармагында Европага экспорт көлөмүн чектөө үчүн санкциялардын салынышы  жана Европа деңгээлинде таасирдүү чараларды көрүү үчүн кысым жасалары маалымдалды. Ошондой эле АКШ менен Германиянын Украинанын энергетика булактарын түрдөнтүүсү үчүн 1 миллиард долларлык бир фондду колдоо убадасын бергендиги жана Германиянын 175 миллион долларлык багыш берери билдирилди.

Жалпы чыгымы 10 миллиард еврого жакын болушу күтүлүп жаткан "Түндүк Агым 2" долбоору менен жылда 55 миллиард метр кубдук орус газынын Балтика деңизи аркылуу Германияга өткөрүлүшү пландалууда.

Долбоорго каршы чыккан өлкөлөр "Түндүк Агым 2нин" Европа өлкөлөрүнүн Россияга көз карандылыгын арттырууга аракет кылгандыгын ортого салды.



Тектеш кабарлар