Курман айт майрамынан мурда Асад режими кол салды

Кол салууда 2 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды.

1677627
Курман айт майрамынан мурда Асад режими кол салды

Башар Асад режиминин Курман айт майрамынан мурда Сириянын түндүгүндөгү Баб районуна жасаган кол салуусунда  2 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды.

Асад режими түрк куралдуу күчтөрү 2017 -  жылы февраль айында Евфрат калканы операциясы менен ДЕАШ террордук уюмунан тазалаган Баб районунун түштүгүндөгү Эбу Зиндин бажысынын айланасына жайгашкан Сирия Улуттук Армиясын ракета менен бутага алды.

Кол салууларда Эбу Зиндин бажысында жайгашкан Сирия Улуттук Армиясынын 2 аскери каза болуп, 5 аскер жаракат алды. Жаракат алгандар айланадагы ооруканаларга жаткырылды.



Тектеш кабарлар