ЕБнин Россияга байланыштуу билдирүүсү

Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин биринчи күнүнөн кийин билдирүүнүн Россияга байнаштуу бөлүгү жарыяланды.

1664522
ЕБнин Россияга байланыштуу билдирүүсү

Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлери Россияга каршы экономикалык санкцияларды камтыган кошумча чектөө чараларын карап чыгууну чечишти.

Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин биринчи күнүнөн кийин билдирүүнүн Россияга байланыштуу бөлүгү жарыяланды.

Европа Кеңеши, орус жетекчилигинин конструктивдүү мамилени көрсөтүп, ошондой эле ЕБ жана ЕБга мүчө-мамлекеттер менен үчүнчү өлкөлөргө каршы аракеттерин токтотот деп күтүп жаткандыгын билдирди. Билдирүүдө Россияга ЕБнин позициясын өзгөртүү максатында Минск келишимдерин аткаруу чакырыгы салынды.

Россиянын "зыяндуу, мыйзамсыз жана кыйратуучу" иш-аракеттерине каршы Евробиримдиктин мүчөлөрү тарабынан кескин жана координацияланган жооптун берилишинин маанилүүлүгү баса белгиленген билдирүүдө, ЕБнин өз өнөктөштөрү менен макулдашып колундагы мүмкүнчүлүктөрдөн толук пайдаланышы керектиги айтылды.

Билдирүүдө: «Ушул максатта, Европа Кеңеши Еврокомиссияны жана ЕБнин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлүн экономикалык чектөөлөрдү камтыган чектөө чаралары боюнча кошумча варианттарды сунуш кылууга чакырат» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар