БУУ : Шейх Жеррахтагы абал тынчсыздантууда

БУУнун башкы катчысы Стефан Дюжаррик  Чыгыш Кудстын  Шейх Жеррах кварталындагы акыркы абалдарды байкап билишкендерин жана тынчсызданып жаткандарын белгиледи.

1663235
БУУ : Шейх Жеррахтагы абал тынчсыздантууда

БУУнун башкы катчысы Стефан Дюжаррик  Чыгыш Кудстын  Шейх Жеррах кварталындагы акыркы абалдарды байкап билишкендерин жана тынчсызданып жаткандарын белгиледи.

Дюжаррик күнүмдүк пресс  - жыйынында саясий лидерлер жана коомдук лидерлердин зомбулукка, көкүтүүлөргө, душмандык сөздөргө каршы турушунун маанилүү экендигин да баса белгиледи.

Кечээ эртең менен Израилдеги ашынган оңчул Диний Сионист партиянын лидери Бетзалел Смотрич Шейх Жеррах кварталына фанатик еврейлер менен кол салып, депортация менен коркутулган палестиналыктын үйүнө кирүүгө аракет кылды.

Израил полициясы коргоого алган Смотрич  кварталдагы еврей отурукташуучулардын үйлөрүнө барган, ал эми палестиналыктар болсо Смотричти чагымчылдык менен айыпташкан.

Мурунку күнү кечинде Шейх Жеррах районундагы палестиналыктар менен еврей отурукташуучулардын ортосунда мушташ чыгып, Израиль полициясынын палестиналыктарга үн бомбасы жана көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишүүсүнүн натыйжасында 7 адам жаракат алды.

Рамазан айы башталган 13 -  апрелден бери Акса мечити жана айланасы менен басып алынган Чыгыш Кудстун Шейх Жеррах кварталында Израиль полициясынын кол салууларынын айынан олуттуу чыңалуулар болууда.



Тектеш кабарлар