Нигериядагы куралдуу кол салуулар: 108 адам каза болду

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, террордук уюм Боко Харам жана куралдуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында кол салуу болгон.

1640530
Нигериядагы куралдуу кол салуулар: 108 адам каза болду

Батыш Африка өлкөсү Нигериядагы куралдуу кол салуулардан акыркы жуманын ичинде 108 адам каза болду.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, террордук уюм Боко Харам жана куралдуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында жасалган кол салууларда 108 адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алышты.

Өлкөнү дүрбөлөңгө салган кол салуулардан кийин Нигериянын түштүк аймактарындагы 17 губернатор өкмөттү коопсуздук маселеси боюнча шашылыш улуттук диалогду баштоого чакырды.

Нигерияда 2009-жылдан бери "Боко Харам" уюштурган массалык террордук кол салуулардан 20 миңден ашуун адам каза тапты.

Террордук чабуулдар жана жаңжалдардан улам жүз миңдеген адамдар аймактан көчүп кетүүгө аргасыз болушту. 



Тектеш кабарлар