Иорданиянын падышасы: «Израилдин мыйзам бузуулары экстремизмди күчөтүүдө»

Абдулла II видеоконференция аркылуу уюштурулган жыйында сөз сүйлөдү.

1639716
Иорданиянын падышасы: «Израилдин мыйзам бузуулары экстремизмди күчөтүүдө»

Иорданиянын падышасы Абдулла II, Израилдин палестиналыктарга каршы мыйзам бузуулары коопсуздукка коркунуч келтирип экстремизмди күчөтүп жатканын билдирди.

Иорданиянын Королдук кеңешинин билдирүүсүнө караганда, Абдулла II видеоконференция аркылуу уюштурулган терроризмге жана эл аралык экстремизмге каршы күрөшүү боюнча " Крайстчерч чара көрүү чакырыгы" саммитинде сөз сүйлөдү.

Басылып алынган Чыгыш Кудстагы Акса мечити жана палестиналыктарга каршы Израилдин мыйзам бузууларынын коопсуздукка коркунуч туудурганын, экстремизмди көкүткөнүн жана жек көрүү сезимин күчөткөнүн айткан падыша Абдулла, Палестина-Израиль маселесине ар тараптуу жана адилеттүү чечим табылбашынын күтүлбөгөн натыйжаларга алып келерин эскертти.



Тектеш кабарлар