Нетаньяху менен Ганц кырдаалды ого бетер курчутуп Газага операция башташты

Бенямин Нетаньяху коргоо министри Бенни Ганц жана Башкы штабдын башчысы Авив Кочави баш болгон аскер кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

1638170
Нетаньяху менен Ганц кырдаалды ого бетер курчутуп Газага операция башташты

Израиль полициясынын палестиналыктарга кол салуулары уланып жатканда, премьер-министр Беньямин Нетаньяху өз билдирүүлөрү менен чыңалууну күчөтүүдө. Нетаньяху:«Биз согуштун ортосунда турабыз жана колубуздан келишинче чабуул жасай беребиз»,-деди.

Бенямин Нетаньяху коргоо министри Бенни Ганц жана Башкы штабдын башчысы Авив Кочави баш болгон аскер кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

«Алар чоң чыгымга учуратылат» деген сөздөрү менен Израилдин куугунтуктоосуна ракеталык чабуулдар менен жооп берген  ХАМАСты бутага алган Израилдин премьер-министри «согуш» убакытты талап кыларын айткан Нетаньяху: «Биз Израил элинин коопсуздугун камсыз кылабыз»,- деди.

Нетаньяху кол салуулардын күчүн жана ылдамдыгын арттыра тургандарын айтты.

Израилдин коргоо министри Бенни Ганц Газадагы буталарга карай чабуулдар «азырынча башталышы гана» деген сөздөрдү колдонду.

Газа тилкесиндеги палестиналык каршылык көрсөтүү топтору Израиль полициясынын оккупацияланган Чыгыш Кудстагы Акса мечити жана Шейх Жеррах кварталдарынан чыгуу мөөнөтү бүткөнүнө карабастан чыгып кетпегендиги үчүн Израилге каршы көптөгөн ракеталарды аткылады.

Андан кийин Израиль армиясы Газа тилкесине карай «Дубалдын сакчысы» аттуу аскердик операция башталганын жарыялады.



Тектеш кабарлар