Исламдык Жихад : "Акса мечитине жасалган кол салуу жоопсуз калбайт"

Исламдык Жихад Израиль менен карым  - катнаштарын калыбына келтирген араб өлкөлөрүнүн үнсүздүгүн да айыптады.

1637507
Исламдык Жихад : "Акса мечитине жасалган кол салуу жоопсуз калбайт"

Палестинадагы Исламдык Жихад Кыймылы Израилдин Акса мечитине жасаган террордук кол салуусунун жоопсуз калбай тургандыгын билдирди.

Исламдык Жихад берген жазуу түрүндөгү маалыматында израиль полициясынын оккупация астындагы Чыгыш Кудста Акса мечитиндеги палестиналыктарга карата кол салуусуна жана Аксада жол ачкан чыгымдарга каршылык көрсөттү.

«Акса мечитине жасалган террордук кол салуу жоопсуз калбайт»,- деп эскерткен Исламдык Жихад Израиль менен карым  - катнаштарын калыбына келтирген араб өлкөлөрүнүн үнсүздүгүн да айыптады.

Палесиналыктардын Израиль күчтөрү тарабынан Акса мечитинде зомбулукка учурагандыгы белгиленген маалыматта : «Коргоосуз болгон элибиздин  жардам айкырыктарына жооп берүүгө жана Интифаданы (көтөрүлүүнү) күчтөндүрүүгө чакырабыз»,- деп билдирилди. Ошондой эле маалыматта бардык палестиналыктарга «Кудска ээ чыгууга» чакыруу салынды.



Тектеш кабарлар