Сириянын Азез районунда террордук кол салуу болду
Кол салууда 5 жаран жаракат алды.
1635583
Сириянын Азез районундагы Бабусселам лагерине бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган террордук кол салууда 5 жаран жаракат алды.
Түркия - Сирия чек арасында оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Бабуссалам лагеринин кире беришинде унаага жайгаштырылган бомба жардырылды. Кол салууда 5 жаран жаракат алды. Жаралуулар райондогу ооруканаларга алып барылды.
Окуя тууралуу иликтөө башаган коопсуздук күчтөрү кол салуунун ЙПГ/ПКК террордук уюмунун жасоо ыктымалына токтолууда.