Көзөмөлдөн чыгып кеткен ракета боюнча божомолдоолор

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

1636045
Көзөмөлдөн чыгып кеткен ракета боюнча божомолдоолор

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Космос станциясынын негизги модулун космоско алып барып, андан кийин көзөмөлдөн чыгып кеткен ракетанын жердин атмосферасына кирээри менен күйүп кетээрин жана зыян алып келиши күмөнүнүн кыйла төмөн экендигин билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Ванг Вынбин, ракета космоско учурулуп көзөмөлдөн чыккандан бир жумадан кийин Пекинде өткөргөн кезектеги пресс-конференцияда: «Ракетанын бөлүктөрүнүн көпчүлүгү атмосферага киргенде күйүп кетет. Авиациялык учууларга жана жерге кандайдыр бир зыян келтирүү ыктымалдыгы да өтө төмөн»,-деди.

Экинчи жагынан Би-Би-Синин кабарында, ракета башкаруудан чыккандан кийин ракетанын атмосферадагы сүрүлүүдөн улам пайда болгон жогорку температурага туруктуу бөлүктөрүнүн дүйнөгө түшүшү мүмкүн экендиги белгиленди.

Бул бөлүктөрдүн жерге тийиши 9-майдын таңга маал болушу күтүлүүдө деген кабарда, ракетанын кайда түшөрү белгисиз болсо дагы дүйнөнүн 41,5 градус Түндүк жана 41,5 градус Түштүк кеңдиктердин ортосундагы бир жерге кулап түшөрүнүн божомолдонгондугу билдирилди.

Бул кеңдиктер чыгыштан батышка, Австралия, Түштүк Азия өлкөлөрү, Кытайдын борбордук жана түштүк аймактары, Араб жарым аралы, Африка континенти, Түркиянын көпчүлүк жери, Түштүк Американын басымдуу бөлүгү жана Түндүк Американын бир бөлүгүн камтыйт.

Кытайдын Космос станциясынын биринчи бөлүгүн жана анын негизги модулу Тяньхини космоско алып чыгуу үчүн Long March-5B ракетасы 29-апрелде учурулган болчу.



Тектеш кабарлар