Ак үй : "Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдойбуз"

АКШда  Ак үйдүн пресс-катчысынын орун басары Карине Жан-Пьер Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдой тургандыктарын жарыялады.

1635646
Ак үй :  "Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдойбуз"

АКШда  Ак үйдүн пресс-катчысынын орун басары Карине Жан-Пьер Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдой тургандыктарын жарыялады.

Луизианадагы сапарында АКШнын президенти Жо Байденди коштогон Жан-Пьер президенттик учакта басма сөзгө Украинанын Россия менен болгон чыңалуусунан кийин НАТОго кошулууну каалагандыгын эске салды жана : «Украинанын НАТОго мүчө болушун колдойбуз»,- деди.  

Бир тараптан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен MSNBC телеканалына берген билдирүүсүндө  Россиянын Украинанын чек арасында болушунан тынчсыздангандыгын,  Киев өкмөтүн колдой тургандыктарын билдирди.

Блинкен Россиянын Украина чек арасынан чыккандыгын билдиргенине карабастан азыр да аймакта бир топ аскердин бар экендигин айтып : «Оор куралдардын айрымдары аймактан чыгарылды бирок айрымдары дагы деле ошол жерде. Россия ылдам түрдө аймакка кайтып келиши мүмкүн»,- деди.

Москванын Украинага карата агрессиясына каршы экендерин белгилеген Блинкен : «Украинанын өзүн коргоосу үчүн коопсуздук жардамы менен колдоо берүү убадабызды аткарабыз»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар