Италиянын Прокида аралы ковидсиз арал болду

Неаполь шаарына жакын туристтик жайлардын бири болгон Прокида аралында жашагандар Ковид-19га каршы эмдөөдөн өттү.

1633400
Италиянын Прокида аралы ковидсиз арал болду

Италияда эмдөө кампаниясы аяктаган Прокида аралы 'Ковидсиз арал' болду.

Неаполь шаарына жакын туристтик жайлардын бири болгон Прокида аралында жашагандар Ковид-19га каршы эмдөөдөн өттү.

Ушундайча  отурукташкан калктын баары эмдөөдөн өткөн биринчи Италия аралы Прокида болду. Прокида аралында болжол менен 6900 доза вакцинанын берилгендиги жана мунун  катталган калктын 92 пайызын камтыгандыгы белгиленди.

Прокидадан кийин эртеңден баштап коңшулаш Исхия аралында  да аралдын тургундарын эмдөө иштеринин башталары билдирилди.



Тектеш кабарлар