Г - 7лердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды

Британия, Германия, АКШ, Франция, Италия, Япония жана Кана катышкан Г  - 7  өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Ковид  - 19  эпидемиясынан бери биринчи жолу бетме  - бет жыйын өткөрүү үчүн жолугушту.

1633582
Г - 7лердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды

Дүйнөнүн өнөр жайлашкан 7 өлкөсү жана Европа Биримдигин жолугуштурган тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Г  - 7  жыйыны кезектешкен башкаруучу Британиянын жетекчилигинде борбор шаар Лондондо башталды.

Британия, Германия, АКШ, Франция, Италия, Япония жана Канада катышкан Г  - 7  өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Ковид  - 19  эпидемиясынан бери биринчи жолу бетме  - бет жыйын өткөрүү үчүн жолугушту.

Жыйынга Түштүк Корея, Индия, Австралия жана Түштүк Африка Республикасынын Тышкы иштер министрлери жана учурда Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы АСЕАНдын төрагасы, Бруней Султандыгы чакырылды.

11-13-июнь күндөрү Англиянын түштүк-батышындагы Корнуолл шаарында Г – 7лердин мамлекет башчыларынын саммитине даярдык катары да каралган жолугушуу 2 күнгө созулат.

Жыйында климаттын өзгөрүшү, Иран менен болгон өзөктүк сүйлөшүүлөр, Сирияда уланып жаткан согуш, Мьянмадагы аскердик төңкөрүш, Ковид-19 эпидемиясынын башталышы, Россия жана Кытай малелеринин талкууланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар