Ооганстанда май куюучу жайда өрт чыкты
Кабулдагы май куюучу жайда чыккан өрттөн 10 адам каза болду.
Кечээ кечинде Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы май куюучу жайда чыккан өрттөн 10 адам каза болду.
Ички иштер министрлигинин катчысы Тарык Арьендин айтымында, кечээ кечинде Кабулдун түндүгүндөгү Шакардара аймагындагы май куюучу бекетте чыккан өрт таңкы сааттарда өчүрөлдү.
Өрттө 10 кишинин каза болгонун айткан Арьен, 14 адам жаракат алгандыгы тууралуу маалымат бөлүштү.
Арьен, себеби азырынча аныктала элек өрт май куюучу жайдан башталып, күйүүчү май ташыган цистерналарга жайылып кеткенин белгиледи.
Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Арьен өрттүн кесепетинен ондогон автоунаалар жана автоцистерналар жарактан чыкканын билдирди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.