Швецияда мусулмандарга таандык көрүстөнгө кол салуу болду
Кол салууда 10 мүрзө ташы талкаланып, полициянын окуя боюнча иликтөө баштагандыгы маалымдалды.
1629107
Швециянын Мальмё шаарынын Розенгард районунда мусулмандарга таандык көрүстөнгө кол салуу болду.
Кол салууда 10 мүрзө ташы талкаланып, полициянын окуя боюнча иликтөө баштагандыгы маалымдалды.
Швецияда «Түрдүү түстөр» партиясынын лидери Микаил Йүксел акыркы жылдарда Швецияда мусулмандарга каршы жек көрүү кыймылдарынын күч алгандыгын айтты.
Мальмёдо мусулман көрүстөнүнө жасалган кол салуулардын тынчсыздантуучу экендигин белгилеген Йүксел өкмөт жана саясий партиялардын бул тууралуу чара көрбөгөндүгүн билдирди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.