Ооганстанда Куран окуу конкурсунун аземине снаряд менен кол салуу болду

Кунардын губернатору Икбал Саид журналисттерге билдиргендей, Рамазан айына байланыштуу губернаторлуктун имаратында Ыйык Куранды окуу аземине ракета менен кол салуу болду.

1628612
Ооганстанда Куран окуу конкурсунун аземине снаряд менен кол салуу болду

Ооганстандын Кунар провинциясында Рамазан айында уюштурулган Куран окуу конкурсунун аземине снаряд менен кол салуудан 16 адам жаракат алды.

Кунардын губернатору Икбал Саид журналисттерге билдиргендей, Рамазан айына байланыштуу губернаторлуктун имаратында Ыйык Куранды окуу аземине снаряд менен кол салуу болду.

Кол салууда губернатордун 3 жан сакчысы жана 13 хафиз жаракат алганын айткан Саид, кол салуунун уюштуруучулары исламдын душмандары болгонун айтты.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Экинчи жагынан, бүгүн эртең менен Логар провинциясында талип согушкерлеринин полиция машинасына куралдуу кол салуусунан 8 полиция кызматкери набыт болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам берүү миссиясы (UNAMA) Ооганстанда 2021-жылдын биринчи чейрегинде 573 жай тургун кол салуулардан каза болгонун жарыялады.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жарандар арасындагы өлүмдөрдүн 29 пайызга өскөндүгү айтылган билдирүүдө, бул жоготуулардын 43,5 пайызына Талибан, 17 пайызына өкмөттүк топтор, 5 пайызына террордук уюм ДЕАШ , калган бөлүгү үчүн оппозициялык топтор жооптуу көрүлгөн.



Тектеш кабарлар