Япония эпидемияга каршы кайрадан өзгөчө кырдаал жарыялайт

Японияда Ковид  - 19 га карата чаралардан жооптуу кабинеттин мүчөсү Нишимура Ясутоши пресс  - жыйын өткөрүп,  коронавирус жана түрлөрүнүн жалпы өлкөдө кайрадан көбөйгөндүгүн айтты.

1626890
Япония эпидемияга каршы кайрадан өзгөчө кырдаал жарыялайт

Японияда  борбор шаар Токио жана айрым аймактарда  Ковид  - 19 бейтап санынын жогорулашы менен борбор шаар Токио жана айрым аймактарда кайрадан өзгөчө кырдаал жарыяланат.

Японияда Ковид  - 19 га карата чаралардан жооптуу кабинеттин мүчөсү Нишимура Ясутоши пресс  - жыйын өткөрүп,  коронавирус жана түрлөрүнүн жалпы өлкөдө кайрадан көбөйгөндүгүн айтты.

Эпидемия менен күрөшүүдө өзгөчө кырдаалдын маанисине токтолгон Нишимура : «Жогорку деңгээлдеги жугуштуу түрлөрүн көзөмөлгө алуу үчүн дагы күчтүү чараларды көрүүбүз керек»,- деди.

29 -  апрель жана 5 -  май күндөрү «Оогон Шуукан» башкача айтканда «Алтын жума»  эс алуусунун бейтап санын чоң өлчөмдө арттырарынан тынчсызданган Нишимура элди үйлөрүндө отурууга үндөдү.

Премьер  - министр Суга Йошихиде өкмөткө караштуу Ковид  - 19 кеңешүү комитетинин сунуш чечиминен кийин аткарыла тургандарды жарыялайт.

Борбор шаар Токио менен Осака, Хиого жана Киотодо 25 -  апрель жекшемби күнү кечинде баштала турган өзгөчө кырдаал 11 -  майга чейин созулат.

2020 -  жылы апрель айы менен 2021 -  жылдын январь айында  Япониянын түрдүү аймактарында эки жолу өзгөчө кырдаал жарыяланган.



Тектеш кабарлар