ЙПГ/ПКК Раккада жарандарды өлтүрдү
Террордук уюм ЙПГ/ПКК Сириянын Ракка облусунда дүкөндөрүн жабууга мажбурлаган жарандардан экөөсүн өлтүрдү.
Террордук уюм ЙПГ/ПКК Сириянын Ракка облусунда дүкөндөрүн жабууга мажбурлаган жарандардан экөөсүн өлтүрдү.
ЙПГ/ПКК жайылып жаткан Ковид- 19дан улам басып алган аймактарда 12 күндүк команданттык саат жарыялады.
Аймактагы коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда террористтер кечээ кечки сааттарда басып алган Ракка облусунун чыгышындагы Жудейдет Кухейт айылындагы дүкөндөрдү жабууга мажбурлап ок атты.
Экономикалык себептерден улам дүкөндөрүн жабууну четке каккан эл ок аткан ЙПГ/ПКК террористтерине каршылык көрсөттү. Террористтер менен элдин арасында чыккан кагылышууда 2 жаран каза болуп, 2 жаран жаракат алды. Аймакта чыңалуу улантылууда.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.