Украинага 117 000 доза Pfizer-BioNTech вакцинасы барды

Кытайдын Sinovac вакцинасы Украинада 13 -  апрелден тарта колдонула баштады

1622714
Украинага 117 000 доза Pfizer-BioNTech вакцинасы барды

 Украинага 117 000 доза Pfizer-BioNTech Ковид  - 19  вакцинасы барды.

Украинанын саламаттык сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Ковид  - 19  Вакциналарынын Глобалдык Жетишүү Программасынын (COVAX) алкагында жеткирилген 117 000 доза Pfizer-BioNTech вакцинасы өлкөгө жетти.

Украинанын COVAX программасы боюнча 8 миллион доза вакцина алышы күтүлүүдө.

Британия  -  Швеция фармацевтикалык жана биология компаниясы AstraZenecaнын  Ковид  - 19  вакцинасын колдонуу менен массалык вакцина иштери 24 -  февралда башталган өлкөдө эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 432 817 кишиге жетти.

Кытайдын Sinovac вакцинасы Украинада 13 -  апрелден тарта колдонула баштады.



Тектеш кабарлар