Нигерде мектепте өрт чыкты
Күтүүсүз чыккан өрттө 20 окуучу каза болду.
1620815
Нигердин борбор шаары Ниамейде бир мектепте өрт чыгып 20 окуучу каза болду.Өрт окуучулар сабакта отурган кезде чыккан.
21 классты күтүүсүз жерден өрт каптап, класста калган 20 чакты окуучу каза болду. Өрт өчүргүчтөр өрттү өчүрүүгө аракет кылып, өрттүн чыгуу себеби иликтенүүдө.
Нигер БУУнун 189 улуттан турган Адамзаттык өнүгүү индексинде дүйнөнүн эң жакыр өлкөсү катары орун алууда. Билим берүү да мындан таасирленбей койгон жок.
Өлкөдө миңдеген класстар самандан жасалган кепелерден турат жана окуучулар парта болбогондуктан жерде отурганга мажбур.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.