Johnson & Johnson 12-17 жаш аралыгына вакцина сыноолорун баштады
Ковид-19дун өспүрүмдөрдүн билим берүү, психикалык ден-соолугу жана социалдык шарттарына дагы таасирин тийгизери белгиленди.
1613817
Америка Кошмо Штаттарындагы фармацевтикалык компания Жонсон жана Жонсон (J&J) коронавирустук (Kovid-19) вакцина изилдөөлөрүнө 12-17 жаш курагын да кошконун жарыялады.
Компаниянын билдирүүсүнө караганда, клиникалык сыноолордун 2-этапта экендиги, Ковид-19 вакциналары алгач 16-17 жаштагы ыктыярчыларга сыналып, андан кийин тесттер 12 жашка чейин жасалат деп айтылды.
Билдирүүдө, Ковид-19дун өспүрүмдөрдүн билим берүү, психикалык ден-соолугу жана социалдык шарттарына дагы таасирин тийгизери белгиленди.