Столтенберг НАТОнун коргонуусунда Түркиянын маанисин баса белгиледи

Столтенберг эртең баштала турган эки күндүк НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурунку билдирүүсүндө буларга токтолду.

1606221
Столтенберг НАТОнун коргонуусунда Түркиянын маанисин баса белгиледи

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун коргонуусунда Түркияга басым жасады ...

Столтенберг эртең баштала турган эки күндүк НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурунку билдирүүсүндө, Европаны коргоодо НАТО абдан маанилүү орунга ээ жана муну НАТО гана эмес, Европа Биримдиги (ЕБ) да кабыл алганын айтты.

Столтенберг Европа Бирлигинин калкынын 90 пайызы бир эле мезгилде НАТО өлкөлөрүндө жашайт, бирок коргонуу чыгымдарынын 20 пайызы гана ЕБ өлкөлөрү тарабынан жүргүзүлөт деп билдирди.

Столтенберг,«Бул жарым-жартылай акча маселеси, бирок ошол эле убакта аймакка да байланыштуу. Түндүктө Исландия, түштүктө Түркия, батышта албетте АКШ, Канада жана Англия. Бул өлкөлөрдүн бардыгы Европанын корголушу жана коргонуусу үчүн өтө маанилүү»,деген серебин салды.

 



Тектеш кабарлар