Экватор Гвинеясында жарылууулар болду

Жарылууларда 17 адам каза болуп, 420 адам жаракат алды.

1597069
Экватор Гвинеясында жарылууулар болду

Африка континентиндеги Экватор Гвинеясынын Бата шаарында болгон жарылууларда 17 адам каза болуп, 420 адам жаракат алды.

Өлкөнүн экономикалык борбору болгон Бата шаарында кечээ 4 чоң жарылуу болду.

Саламаттыкты сактоо министри Гуина Салуд твиттердеги билдирүүсүндө кечээ Нкоа Нтома аскер базасында болгон жарылуулардан 17 адамдын каза болуп, 420 адамдын жаракат алганын жарыялады.

Аскердик ок  - дары кампасында чыккан жарылууда казарманын жанындагы көптөгөн үйлөр талкаланып, көптөгөн адамдын көчкү астында калгандыгы маалымдалды. Каза болгондор менен жаракат алгандардын санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулар болууда.

Салуд эс алуудагы медицина кызматкерлерин өздөрү иштеген ооруканаларга барууга чакырып, жарандардан тезинен кан тапшырууну суранды.

Президент Теодоро Обианг Нгуема мамлекеттик TVGE телеканалында кырсыктын динамит жана ок-дарыларды сактоого жооптуу бөлүмдүн шалаакылыгынан улам келип чыккандыгын билдирди.

 



Тектеш кабарлар