Ливандагы темир кампада жарылуу болду
Полиция кеңири масштабдагы тергөө иштерин баштады.
1594586
Ливандын Триполи шаарында темир кампасында жарылуу болуп, бир адам каза болду.
Триполи шаарынын Баб Аль-Таббане районундагы темир кампасындагы жарылуудан төрт адам жаракат алды.
Жарадарлар шаардагы ооруканага жеткирилди.
Жергиликтүү маалымат булактары жарылуу жүк ташуучу унаа кампага жүктү түшүрүп жатканда болгонун түшүндүрүштү.
Полиция кеңири масштабдагы тергөө иштерин баштады.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.