Байден Техас штатында «чоң кырсык» деп жарыялады

АКШнын президенти Джо Байден өлкөнүн ички, борбордук жана түштүк аймактарын бир жумага жакын каптаган катуу арктикалык суукка байланыштуу Техас штатында «чоң кырсык» деп жарыялады.

1587568
Байден Техас штатында «чоң кырсык» деп жарыялады

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) айрыкча Техас штаты баш болгон көптөгөн аймактарга таасирин тийгизген  катуу кардын жана тоңдун кесепетинен 60тан ашуун адам көз жумду.

АКШнын президенти Джо Байден өлкөнүн ички, борбордук жана түштүк аймактарын бир жумага жакын каптаган катуу арктикалык суукка байланыштуу Техас штатында «чоң кырсык» деп жарыялады.

CNNдин кабарына караганда, Ак үйдөн жасалган билдирүүдө,  Байден «катуу кышкы сууктан жапа чеккен аймактарда куткаруу иштерин колдоо үчүн чоң кырсык жарыялоо менен мамлекеттик жана жергиликтүү куткаруу иштерин колдоо үчүн федералдык жардамга буйрук берди» деп маалымдалды.

Башка жагынан алганда, электр энергиясы кызматы кайрадан көрсөтүлө баштаган Техаста болжол менен 80 миң адам электр энергиясына жете албай жатышат, ал эми региондогу 14 миллион адам дагы деле болсо таза сууну алууда кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Техастагы жергиликтүү булактар ​​акыркы жумада таасирдүү болгон кыштын катаал шарттары 45-50 миллиард долларлык зыян келтиргенин белгилеп жатышат.



Тектеш кабарлар