Би-Би-Си «Исламга жана мусулман аялдарга» карата жаман ойлуу пикирди күчөткөндүгү менен айыпталды

Улуу Британияда белгилүү куудул Дебора Фрэнсис-Уайт жана Консервативист партиянын айрым депутаттары да арасында болгон 100 адам, Би-Би-Синин алып баруучусун сындаган кат жарыялады.

1586412
Би-Би-Си «Исламга жана мусулман аялдарга» карата жаман ойлуу пикирди күчөткөндүгү менен айыпталды

Британиялык медиа уюму Би-Би-Си «исламга жана мусулман аялдарга» карата жаман ойлуу пикирди күчөткөндүгү менен айыпталды.

Улуу Британияда белгилүү куудул Дебора Фрэнсис-Уайт жана Консервативист партиянын айрым депутаттары да арасында болгон 100 адам, Би-Би-Си радио-4тө «Аялдардын заманы» аттуу программага катышкан, өлкөдөгү эң ири мусулман жарандык коом платформасы болгон Улуу Британиянын Мусулмандар кеңешинин (MCB) биринчи аял төрайымы Зара Мухаммед менен болгон маектешүүдөгү алып баруучунун мамилесин сындаган кат жарыялады.

Катта Би-Би-Синин редакциялык жамаатын жана программа өндүрүүчүлөрүн диверсификациялап, мусулмандар менен жакшы мамилелерди орнотууга чакырылган.

Мухаммед менен болгон маектешүүнүн суроолору исламга жана мусулман аялдарга каршы «зыяндуу ойлорду жана бейкалыс пикирлерди» күчтөндүргөндүгүнө көңүл бурулган катта, дин жөнүндө өкүм чыгара албагандыгын айтса дагы  Мухаммедге төрт жолу катары менен «аял имамдар» тууралуу суроолор суралганы жана жооп берейин дегенде Мухаммеддин сөздөрү ар бир жолу кесилгени айтылган.

Катта маектешүүнүн алкагы жана социалдык медиа үчүн «аял имам» бөлүмүнүн кесилип берилиши, Британиядагы мусулман аялдарын чагылдырган нерселерди чындыкка дал келтирип берүүнүн ордуна, саясатчылардын отчеттуулук маектеринин стилин жана тонун чагылдырганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар