Ирактын премьер-министринин аскердик катчысы ракеталардын ИКАБ чектеринен атылгандыгын билдирди

Ресул Ирактын мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө жасаган билдирүүсүндө, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) аскердик базасы да жайгашкан Эрбил аэропортунун 11 ракета менен бутага алынгандыгын айтты.

1585652
Ирактын премьер-министринин аскердик катчысы ракеталардын ИКАБ чектеринен атылгандыгын билдирди

Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казиминин аскердик катчысы Яхия Ресул, 15-февралда Эрбил аэропортун бутага алган ракеталардын Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусунун (ИКАБ) чектеринен атылгандыгын билдирди.

Ресул Ирактын мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө жасаган билдирүүсүндө, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) аскердик базасы да жайгашкан Эрбил аэропортунун 11 ракета менен бутага алынгандыгын айтты.

Сөз болуп жаткан ракеталардын бири 5 жарым, экинчиси 8 чакырым алыстыктагы эки позициядан атылгандыгын белгилеген Расул: «Эрбил аэропортуна кол салууда колдонулган ракеталар Ирактын күрттөр жайгашкан аймагынын чектеринен учурулду»,-деп айтты.

АКШнын коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, 15-февралда америкалык аскерлер турган Эрбил эл аралык аэропортуна жана шаарга 14 ракета атылган.

Кол салуудан 1 контракттуу кызматкер каза болуп, 3 жаран, 5 контракттуу кызматкер жана 1 АКШ аскери болуп жалпы 9 адам жаракат алды.

Иракта болгон кол салууну буга чейин аты угула элек «Saraya Evliya ed-Dam» деп аталган топ моюнга алгандыгы жарыяланды.

Окуядан кийин айрым регионалдык жана эл аралык басылмалар кол салуунун артында Иран жана ага жакын топтор турат деп айтып чыгышкан.



Тектеш кабарлар