SpaceX компаниясы дагы 60 жаңы байланыш спутнигин учурду

60 жаңы байланыш спутниги (SpaceXтин) Falcon 9 ракетасы менен АКШнын Флорида штатындагы Канаверал Кейп космостук станциясынан учурулду.

1584616
SpaceX компаниясы дагы 60 жаңы байланыш спутнигин учурду

Америкалык ракета, спутник жана космос кемесин чыгаруучу SpaceX компаниясы Starlink интернет спутник тармагына кирген дагы 60 байланыш спутнигин космоско учурду.

"Space.com" веб-сайтындагы жаңылыктарга караганда, 60 жаңы байланыш спутниги (SpaceX) Falcon 9 ракетасы менен АКШнын Флорида штатындагы Канаверал Кейп космостук станциясынан учурулду.

Кайрадан колдонууга жараган Falcon-9 ракетасы учурулгандан 9 мүнөттөн кийин Жерге кайтып келди, бирок компаниянын Атлантика океанындагы платформасына коно алган жок.

Компания муну менен бирге Starlink долбоорунун алкагында 19-учуруусун ишке ашырды.

Кечээкиге пландаштырылган учуруу аба ырайынын начардыгынан улам жылдырылган болчу.

SpaceX компаниясы Starlink спутниктери менен жердин орбитасында 12 миң спутниктин тармагын түзүүнү пландаштырууда. Долбоордун 2027-жылы аякташы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар