БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин Кипр үчүн планы

Башкы катчы Гутерриш БУУнун штаб  - квартирасында өткөргөн 2021 -  жылдын алгачкы пресс  - жыйынында  күн тартибине баа берди.

1573295
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин Кипр үчүн планы

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш кипрдик тараптар менен кепил өлкөлөрдү март айында жолугуштурууну каалагандыгын жана келишим түзүлө турган болсо жаңы пикирлерге ачык экендигин айтты.

Башкы катчы Гутерриш БУУнун штаб  - квартирасында өткөргөн 2021 -  жылдын алгачкы пресс  - жыйынында  күн тартибине баа берди. Гутерриш Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын : «Өз мамлекетибиздин таанылышына татыктуубуз»,- деген билдирүүсү тууралуу берилген суроого : «Менин максатым март айында Кипрдеги эки коомду жана кепил өлкөлөр Түркия, Греция жана Британияны жолугуштуруу. Алдыңкы шартсыз расмий болбогон бир жыйын өткөрүүгө чечим чыгардык. Тараптардын келечекке кандай карашкандарын талкуулоо мүмкүнчүлүгү бар. БУУнун Коопсуздук Кеңешинен сүйлөшүүлөр тууралуу алган жоопкерчилигим бар жана бул метод эки коомду, эки бөлүктүү  чечүүчү жолду сунуштап жатат. Тараптар позицияларын кеңейтүү боюнча келише турган болсо мен ар дайым Коопсуздук Кеңешине барууга даярмын. Биринчи баскычта тараптарды бириктирүү, аларды угуу жана көз караштарынын жыйынтыктарын карап чыгуу керек. Мага берилген жоопкерчиликке баш ийүү демек ; баарын угуп, тараптардын келечеги тууралуу бир чечимге ачык эмесмин деген мааниге келбейт»,- деди.



Тектеш кабарлар