Европанын Борбордук банкынын төрайымынын эскертүүсү

Дүйнөлүк экономикалык форумдун «Давос күн тартиби- 2021» жыйындарынын алкагында "Экономикалык өсүүнүн кайрадан калыбына келтирилиши" темасында онлайн-панель болуп өттү.

1570998
Европанын Борбордук банкынын төрайымынын эскертүүсү

Европанын Борбордук банкынын төрайымы Кристин Лагард Евро аймагында экономикалык калыбына келүүнүн кечеңдеши мүмкүн экенин, бирок калыбына келтирүүнүн "жолдон чыгарылбашы" керектигин айтты.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун «Давос күн тартиби- 2021» жыйындарынын алкагында "Экономикалык өсүүнүн кайрадан калыбына келтирилиши" темасында онлайн-панель болуп өттү.

Европанын Борбордук банкынын төрайымы Лагард панелдеги сөзүндө, Евроаймактын экономикасы 2020-жылдын төртүнчү чейрегинде кыскарганын айтты.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясы мезгилинде компаниялар жана үй-бүлөлөр үчүн каржылоо шарттары ылайыктуу болушу керектигин баса белгилеген Лагард: «Пандемиядан кийин экономика башкача болот»,-деди.

Лагард, Covid-19дун жаңы штаммдарына байланыштуу кооптонууларга жана чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө карабастан, 2021-жыл пандемиядан кийинки экономикалык калыбына келүү жылы болот деп ишенгенин айтты.

Кристин Лагард, Евро аймагына байланыштуу: «Экономикалык калыбына келүү кечеңдеши мүмкүн, бирок жолдон чыгарылбашы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар