Байден мусулман өлкөлөрүнө визалык тыюу салууну жоет

20-январда ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка кирише турган Жо Байдендин аппарат башчысы Рон Клейндин президенттик командага жиберген маалыматтык жазуусу АКШнын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылды.

1565733
Байден мусулман өлкөлөрүнө визалык тыюу салууну жоет

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) шайланган президенти Жо Байден кызматка киришкенден кийин дароо эле Дональд Трамптын «мусулман өлкөлөрүнө визалык тыюу салуу» жана «Париждеги климаттык келишимден чыгуу» сыяктуу айрым чечимдерин четке кагуу жөнүндө жарлыктарга кол коёру жарыяланды.

20-январда ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка кирише турган Жо Байдендин аппарат башчысы Рон Клейндин президенттик командага жиберген маалыматтык жазуусу АКШнын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылды.

Сөз болуп жаткан жазууга ылайык, Байден президенттик кызматка киришээри менен президенттин жарлыктарына кол коет жана Трамп доорунда кабыл алынган айрым талаштуу чечимдерди жокко чыгарат.

Байден «көпчүлүк мусулман өлкөлөрү үчүн виза тыйуусун» алып салат, АКШнын Париждеги Климаттык келишимге кайтып келгенин жарыялайт, Мексика чек арасындагы иммигранттардын үй-бүлөлөрүн таратуу ишке ашыруусун токтотот жана тиешелүү мекемелерде жана жерлерде беткап кийүүнү милдеттүү кылат.

Клайн ошондой эле алгачкы 10 күндүн ичинде Байден ушул сыяктуу көптөгөн президенттин жарлыктарына кол коёрун жана Трамп доорундагы айрым процедуралар токтоосуз токтотуларын билдирди.



Тектеш кабарлар