ТBMM Тышкы иштер комитети Швециянын НАТОго кирүүсүнө байланыштуу протоколду кабыл алынды

Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу протокол Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комитетинин күн тартибине алгач 16-ноябрда киргизилген.

2081065
ТBMM Тышкы иштер комитети Швециянын НАТОго кирүүсүнө байланыштуу протоколду кабыл алынды

Швециянын НАТОго кирүү протоколу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) тышкы иштер комитети тарабынан кабыл алынды.

Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу протокол Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комитетинин күн тартибине алгач 16-ноябрда киргизилген.

Бирок сүйлөшүүлөр аягына чыкпай, милдеттенмелер боюнча маалымат Швеция өкмөтүнөн суралган.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комиссиясы бүгүн Швециянын күн тартиби менен экинчи жолу чогулду.

Комиссиянын төрагасы Фуат Октай Швециянын өзгөчө террордун каржыланышына байланыштуу кадам таштаганын белгилеп, бирок : «Террор менен күрөшүүдө күтүлгөн жыйынтыкты азырынча көрө элекпиз»,-деди.

Парламент мүчөлөрү өз ой-пикирин айтышкандан кийин Швециянын НАТОго кирүүсүнө байланыштуу протокол кабыл алынды.

Эми акыркы сөздү Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы жыйыны айтат.

Түркия терроризмди колдогону үчүн Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө вето койгон болчу.

Швециянын өкмөтү терроризмге каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон чараларды көрөрүн жазуу жүзүндө убада кылган.



Тектеш кабарлар