Эрдоган 19-майга карата өз билдирүүсүн жарыялады

Президент Эрдоган 19-май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамына байланыштуу билдирүү жарыялаы.

2141225
Эрдоган 19-майга карата өз билдирүүсүн жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган 19-майдын рухунун бул улуттун эң чоң байлыгы жана булагы экенин айтты.

Президент Эрдоган 19-май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамына байланыштуу билдирүү жарыялаы.

Мындан туура 105 жыл мурда Самсунда башталып, Улуттук күрөшкө жеңиш менен жыйынтыктаган 1919-жылдын 19-майынын күчтүү Түркиянын курулушуна алгачкы кирпич салынган күн экенин баса белгилеген Эрдоган: «Бул тарых улутубуздун душман баскынчылыгына каршы өлкөбүздүн ар бир бурчунан көтөрүлгөн эгемендүүлүк жана өнүгүү духунун учкуну болду. Элибиздин кулчулукка каршы туруштук берүү менен бар болуу күрөшүн баштаган бул процесстин уландысында же эгемендүүлүк, же өлүм кыйкырыктары менен көрүнгөн бар-жок күрөшү башталган»,-деди.

Самсунда тутанган эгемендик факелинин Амасия, Эрзурум, Сивас, андан соң Анкара жана бүткүл Анадолуга тараганын белгилеген Эрдоган, 19-майдын руху бул улуттун эң чоң байлыгы жана булагы экенин айтты.



Тектеш кабарлар