Түркия Ирандагы тик учактын кыйрашына байланыштуу билдирүү жарыялады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

2141394
Түркия Ирандагы тик учактын кыйрашына байланыштуу билдирүү жарыялады

Түркия Ирандагы тик учактын кыйрашына байланыштуу окуяларды кайгыруу менен байкаганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, «Биз Ирандын расмий өкүлдөрү, анын ичинде Ирандын президенти Ибрахим Реиси жана тышкы иштер министри Хосейн Эмир Абдуллахиян аман жана ден-соолукта экенине үмүттөнөбүз жана боордош Иран элине эң жакшы каалоолорубузду жолдойбуз.

Издөө-куткаруу иштерине ар кандай колдоо көрсөтүү боюнча иш-аракеттер көрүлдү»,-деп айтылган.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Реиси жана делегациясынан жакшы кабар алууну үмүт кылганын айтты.

Президент Эрдоган социалдык медиа аркылуу жасаган билдирүүсүндө кырсыкка терең кайгырганын жана Иран бийлиги менен байланышта экенин билдирди.

«Биз бардык зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиргим келет. Коңшубуз, досубуз жана бир тууганыбыз Иран элине жана өкмөтүнө улутумдун атынан эң жакшы тилектеримди билдирем,өзгөчө Реис мырза жана делегациясынан жакын арада жакшы кабар алам деген үмүттөмүн»,-деди.

Кечээ түшкө маал ал отурган тик учак катуу конгону кабарлангандыктан, тагдырлары аныктала элек Ирандын президенти Ибрахим Реиси жана анын жанындагыларды издөө-куткаруу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар