Аясофияда Палестина үчүн жөө жүрүш

Кечинде Аясофья-и Кебир Жами-и Шерифтин алдына чогулган эл колдорунда шамдар менен Эминөнү аянтын көздөй жөнөштү.

2141220
Аясофияда Палестина үчүн жөө жүрүш

Адам укуктары жана эркиндиктери гуманитардык жардам фонду Палестинанын эркиндиги үчүн Аясофиядан Стамбулдун Эминөнү аянтына чейин жөө жүрүш уюштурду.

Кечинде Аясофья-и Кебир Жами-и Шерифтин алдына чогулган эл колдорунда шамдар менен Эминөнү аянтын көздөй жөнөштү.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху макеттерин ташыган топтор Израилдин Газага кол салууларына каршы чыгышты.

Көптөгөн адамдар катышкан жөө жүрүштүн соңунда Эминөнү аянтында Курани Карим окулуп, дуба кылынды.

Ырчы Мурат Бозкурт Филистин үчүн чыгармаларын аткарды.

Жөө жүрүшкө катышкан француз активист жана эл аралык укук профессору Фрэнк Романо сөз сүйлөп, Эминөнүндө палестиналыктар жана калың эл менен бирге болуу үчүн бактылуу экенин айтты.

Романо, Газага бара турган флотилия тууралуу: "Флотилиянын кетээринен эч качан үмүтүмдү үзгөн жокмун. Биз сөзсүз барабыз. Мен үмүтүмдү үзгөн жокмун, анткени биз палестиналыктардын кыргындарын жана каршылыгын көрдүк. Палестина эли сиздин алар менен экениңерди билишет», – деди.

Стамбулдагы 20 университеттин студенттери Беязыт аянтында Израилдин Газага кол салууларына каршылык көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар