"Байрактар" тик учуп-конуучу учкучсуз аппарат сыноосун ийгиликтүү аяктады

Байкар команиясы, Байрактар тик учуп-конуучу учкучсуз аппараттын 8 миң фут бийиктикте операциялык учуусун ишке ашырган көрүнүштөрүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

1930393
"Байрактар" тик учуп-конуучу учкучсуз аппарат сыноосун ийгиликтүү аяктады

Байрактар тик учуп-конуучу учкучсуз аппарат, 8 миң фут операциялык бийиктикке учуу сыноосун ийгиликтүү аяктады.

Учкучсуз учуучу аппараттарды өндүргөн Байкар команиясы, Байрактар тик учуп-конуучу учкучсуз аппараттын 8 миң фут бийиктикте операциялык учуусун ишке ашырган көрүнүштөрүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

2023-жылы ишке кириши пландалган аппарат, автоматтык навигациялык учуу, автономдуу учуу, автономдуу конуу жана жарым автономдуу навигациялык учууну аткара алат. Байрактар тик учуучу учкучсуз аппарат, TCG Анадолу амфибия кемесине да жайгаша алат.

Абдан ылдам маневрлөө, тар мейкиндиктерде миссияны тез баштоо жана учуу тилкеси жок уча алуу жөндөмүнө да ээ болгон тик учуп-конуучу учкучсуз аппарат, бул өзгөчөлүктөрү менен абадан иликтөө жана жашыруун миссиялар үчүн жүргүзүлгөн кызматтарда колдонулат.



Тектеш кабарлар