Эрдоган Грецияны эскертти

Президент Эрдоган Босния-Герцеговина, Сербия жана Хорватия сапарынан кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1877990
Эрдоган Грецияны эскертти

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Грециянын Түркияга карата акыркы мамилесинин түшүнүксүз экенин айтып: «Бир түнү күтүлбөгөн жерден келип калышыбыз мүмкүн дедик, алар муну түшүнүүдө»,- деди.

Президент Эрдоган Босния-Герцеговина, Сербия жана Хорватия сапарынан кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Грецияга карата мурда айткан «Бир түнү капыстан келишибиз мүмкүн» деген билдирүүсүнө байланыштуу суроого жооп берген Эрдоган, айткысы келген сөзүнүн абдан ачык экенин баса белгилеп: «Грециянын Түркияга болгон акыркы мамилеси түшүнүксүз. Бир тараптан Эгейде жасаган мыйзам бузуулары жана экинчи тараптан НАТО милдеттерин аткарып жаткан учактарыбызга карата С-300 ракеталары менен радар бөгөттөөлөрү бар. Биздин С-400дөр жөнүндө айткандардан Грециянын С-300дөрү тууралуу бүгүнкү күнгө чейин кандайдыр бир нерсе уктуңузбу? С-300дөр да Орусияныкы, С-400 да Орусияныкы. Бирок ага эч кандай үн жок. Келишимдер алып келген аскердик эмес статуска каршы, алар биздин маңдайыбыздагы аралдарды куралдандырууну улантышууда»,-деди.

АКШнын Грецияда база куруусуна токтолгон Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына барганда (20-26-сентябрь) АКШнын президенти Жо Байден менен жолугуп, бул темаларды сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн таба турганын айтты.

Грециянын деңиз юрисдикциясы боюнча Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркияга таңуулоого аракет кылган максималисттик тезистер да бар экенин түшүндүргөн президент: «Мында да эч кандай негиз жок. Алар Түркия менен түз сүйлөшүүнүн ордуна БУУга, Америка Кошмо Штаттарына, Европа Биримдигине жана ал тургай НАТОго да тынымсыз арызданып, коркутуу механизмдерин иштетип жатышат. Албетте, муну кабыл алууга болбойт. Алар кайсы тилде түшүнсө, биз кашаа ачып, ошол тилде сүйлөп жатабыз. Алар да түшүнүүдө деп ойлойм»,-деди.



Тектеш кабарлар