Түркиядан Пакистанга гуманитардык жардам материалдарын ташыган 11-учак барды

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин маалыматында орун алды.

1875437
Түркиядан Пакистанга гуманитардык жардам материалдарын ташыган 11-учак барды
pakistan sel.jpg
yardim malzemeleri pakistan.jpg

Түркиядан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам материалдарын ташыган 11-учак селден зыян тарткан Пакистанга жетти.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөсү менен даярдалган гуманитардык жардам материалдарын селден зыян тарткан дос жана боордош өлкө Пакистанга жеткирүү аракеттери уланууда.

Ушул алкакта жардам жүктөрүн ташыган 11-учак Пакистанга жетти.

Ошол эле учурда Пакистанда 14-июндан берки таасирдүү муссон жамгырларынан улам каза болгондордун саны 1265ке жетти.

Пакистандын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин (NDMA) маалыматына караганда, өлкөдө акыркы 24 саатта 57 адам каза болду.

Сел каптоолордон жана суу ташкынынан 33,4 миллион адам жапа чеккен.

Өлкө боюнча айыл чарба жерлеринин 45 пайызы суу алдында калганы маалым болду.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Сват аймагында сел инфраструктурага чоң зыян келтирип, көптөгөн жолдорду, көпүрөлөрдү жана үйлөрдү кыйратты.

Калам өрөөнү менен Бахрейн шаарынын ортосундагы 2018-жылы курулуп, 45 миллион доллар сарпталган жол жараксыз абалга келген.

Өлкө боюнча суу ташкынынан улам инфраструктурага келтирилген зыяндын көлөмү азырынча тактала элек.

Бирок сел апаатынын өлкөгө келтирген чыгымы 10-12,5 миллиард долларды түзөрү айтылууда.



Тектеш кабарлар