Түркия Араб лигасынын чечиминен ыраазы

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта: «Араб лигасынын 16 - майда кабыл алган Бахрейн декларациясында Палестинага байланыштуу чечимдерин ыраазычылык менен кабыл алдык»,-деп айтылды.

2141000
Түркия Араб лигасынын чечиминен ыраазы

Түркия Бахрейн декларациясында орун алган Палестинага байланыштуу чечимдерди ыраазычылык менен кабыл алды. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта: «Араб лигасынын 16 - майда кабыл алган Бахрейн декларациясында Палестинага байланыштуу чечимдерин ыраазычылык менен кабыл алынды»,-деп айтылды.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан  34 - 33 -  Араб лигасынын саммитинде кабыл алынган Бахрейн декларациясынын Палестина тууралуу чечимдерине байланыштуу  жазуу түрүндөгү маалыматта : "Сөз болгон чечимдердин Израиль тарабынан Газада улантылып жаткан кыргындын акырына чыгышына жана Палестина маселесине туруктуу чечүүчү жолдун табылышына салым кошоруна ишенебиз. Бул сунуштардын турмушка ашырылышы үчүн БУУнун жана эл аралык коомчулуктун так салым кошуусун күтүп жатабыз",- деп айтылды. 

Саммиттен кийин Бахрейн королу Хамед бин Иса Аль Халифа Араб лигасынын баш катчысы Ахмед Абу Гайт менен маалымат жыйын өткөргөн.

Араб лигасынын баш катчысы декларацияда Газа тилкесинде ок атышууну тез арада токтотууга жана Жакынкы Чыгышта көз карандысыз мамлекетти түзүүнүн реалдуулугун чагылдыра турган эл аралык тынчтык конференциясын уюштурууга чакыруу салынгандыгын" белгилеген.

Саммиттин жыйынтык билдирүүсүндө лидерлер Израилдин Газа тилкесинде улантып жаткан аесуз кол салууларын, жарандык Палестина калкына каршы жасалган кылмыштарды жана Израилдин эл аралык мыйзам жана эл аралык аралык гуманитардык укукту  бузуусун" катуу айыпташкан. 

 



Тектеш кабарлар