Түркия Афганистанга жардам жөнөттү

Жардамдар 2 миң жууркан, 14 миң 300 килограмм азык-түлүк жана 7 тонна дары-дармектен турат.

2140997
Түркия Афганистанга жардам жөнөттү

Афганистанда селден жабыркагандар үчүн Түркиядан жөнөтүлгөн 24 тонна гуманитардык жардам Мезар - ы Шериф аэропортуна барды.

Түрк Кызылайы менен Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) тарабынан даярдалган жардамды ташыган түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик жүк ташуучу учак Афганистандын түндүгүндөгү Мезар - ы Шериф аэропортуна конду.

Жардамдар 2 миң жууркан, 14 миң 300 килограмм азык-түлүк жана 7 тонна дары-дармектен турат. 

Түркиядан жөнөтүлгөн жардамдар кийинки күндөрү селден эң көп жабыркаган Баглан, Тахар жана Бадахшан провинцияларында афган үй-бүлөлөрүнө таратылат.

10 - 11 - майда болгон ашыкча жаандан жана селден  Бадахшан, Тахар жана Баглан провинцияларындагы 21 район эң көп зыян тартты.

Селден улам 300дөн ашуун адам каза болду.

Афганистанда аба ырайынын жылышы менен кыш айларында жааган кардын эриши, нөшөрлөп жааган жамгыр жана жетишсиз инфраструктуранын натыйжасында селдер адам өмүрүнө жана мал - мүлккө зыян келтирүүдө. Мындан улам өлкөдө жыл сайын жүздөгөн адам каза болууда. 

Афганистанда мезгил-мезгили менен болгон табигый кырсыктардан кийин Түрк Кызылайы, Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) жана AFAD сыяктуу түрк мекемелери жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам долбоорлорун ишке ашырууда.

 



Тектеш кабарлар