Фахреттин Алтун : "Газа дипломатиябызды улантуудабыз"

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун Түркиянын Израилдин Палестинадагы кыргындарына каршы гуманитардык жана дипломатиялык булактарын мобилизациялаганын айтты.

2140999
Фахреттин Алтун : "Газа дипломатиябызды улантуудабыз"

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун Түркиянын Израилдин Палестинадагы кыргындарына каршы гуманитардык жана дипломатиялык булактарын мобилизациялаганын айтты.

Коммуникация башкармалыгы Америка Кошмо Штаттарынын  Нью-Йорк шаарындагы Түрк күнү  иш - чараларынын алкагында Түрк үйүндө «Маданий байланыштарды чыңдоо, Түркия -  Америка карым – катнаштарында жаңы көз караш» аттуу панел өткөрдү.

Панелдин катышуучуларына видео кайрылуу менен кайрылган коммуникация башкармалыгынын төрагасы Алтун Израилдин Палестинадагы кол салууларынын тынчтыкка болгон ишенимди алсыраткан жана эл аралык ишенимди солкулдаткан мүнөзгө ээ экенин айтты.

Алтун Израилдин Газага 7 айдан бери уланып жаткан кол салууларынын аймакка жана бардык глобалдык актерлорго таасир тийгизгенин баса белгиледи.

Фахреттин Алтун : "Бул кыргындарга каршы Түркия биринчи күндөн тарта кол салуулардын токтошу үчүн гуманитардык жана дипломатиялык булактарын мобилизациялады. Түркия Газада Израиль жол ачкан адамзаттык трагедияны токтото турган чечүүчү жол перспективасы менен дипломатиялык демилгелерин улантууда. Түркиянын АКШ менен кызматташуу түзүүнү күткөн темалар булар менен эле чектелүү эмес. Түркия  -  АКШ карым  - катнаштарынын союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк түшүнүгүнө сый көрсөтүүнүн алкагында аймактык жана глобалдык маселелерге тынчтык, коопсуздук жана бейпилдикке багытталган мамилелерди өнүктүрүү потенциалына болгон ишеничибиз бар",- деди. 

 



Тектеш кабарлар