Чавушоглу: «Түркия Армения менен конструктивдүү диалогун улантууну каалайт»

Борбор шаар Анкарада Чавушоглу, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг жана Австриянын ички иштер министри Герхард Карнер менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1851800
Чавушоглу: «Түркия Армения менен конструктивдүү диалогун улантууну каалайт»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Армения менен конструктивдүү диалогун улантууну каалаганын айтты.

Борбор шаар Анкарада Чавушоглу, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг жана Австриянын ички иштер министри Герхард Карнер менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Түркия менен Армениянын атайын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жана карым-катнаштардын нормалдашуусу тууралуу суроого жооп берген Чавушоглу, бул жолугушууларды Венада өткөргөн Австрияга ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Түркия менен Армениянын ортосундагы ишенимди арттыруу үчүн кадамдар ташталганын белгилеген Чавушоглу: «Анткени, биз процессти акырындык менен улантууну каалайбыз. Мен ар дайым айтып жүргөндөй, биз боордош Азербайжан менен да кеңешип жатабыз. Алар менен бирге координациялап жатабыз”,-деп айтты.

Чавушоглу Түркиянын да Азербайжан менен Армениянын ортосундагы нормалдашууну колдогонун айтып: «Биз Азербайжан Арменияга сунуш кылган кеңири тынчтык келишимине мүмкүн болушунча тез арада кол коюлушун каалайбыз. Анткени бизге аймакта туруктуу тынчтык керек”,-деп өз баасын берди.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда макулдашылган инфраструктура долбоорлорунун да ишке ашырылышы керектигин баса белгилеген Чавушоглу сөзүн төмөнкүдөй улантты: «Түштүк Кавказда туруктуу стабилдүүлүк үчүн бирге кадам ташташыбыз керек. Бул жерде биз көрүп жаткан эң чоң тоскоолдук, тилекке каршы, Арменияга жасалган кысым. Бул дагы Армениянын нормалдашуу жагынан Азербайжан жана Түркия менен тайманбас кадам таштоосуна тоскоол болууда. Бирок биз алдыдагы мезгилде бул конструктивдүү диалогду улантууну каалайбыз».



Тектеш кабарлар