Ципрас Түркия менен болгон мамилелерге сереп салды

Брюсселде жайгашкан «Euractiv» кабар сайтына берген маегинде Ципрас Грециянын акыркы тышкы саясатын сындап, түрк-грек мамилелериндеги көйгөйлөргө баа берди.

1848838
Ципрас Түркия менен болгон мамилелерге сереп салды

Грециянын негизги оппозициялык партиясы болгон Радикал Солчул Альянстын (СИРИЗА) лидери Алексис Ципрас Түркиянын эл аралык аренадагы ролунун жогорулаганын билдирди.

Брюсселде жайгашкан «Euractiv» кабар сайтына берген маегинде Ципрас Грециянын акыркы тышкы саясатын сындап, түрк-грек мамилелериндеги көйгөйлөргө баа берди.

Ципрас дискурс деңгээлинде барган сайын күчөгөн чыңалуу аны тынчсыздандырганын айтып: «Бул бизди тынчсыздандырат, анткени Түркиянын эл аралык аренадагы ролу азыр өсүүдө»,- деп сереп салды.

Түркиянын «тынчтандыруучу күч» имиджине көңүлдөрдү бурган Ципрас: «(Түркия) Украинадагы тынчтык үчүн ортомчу болгусу келген держава жана ал Батыштын да, Чыгыштын да көз алдында өсүп баратат. Бул бизди тынчсыздандырат. Анткени Греция өзүнүн туруктуу тышкы саясий догмасынан гана баш тартып жаткан жок, ал ошол эле учурда үчүнчү күчтөрдүн шахмат тактасында анын пешкасына айланган,  Батыштын ийкемдүү жана ишенимдүү союздашы болуп калууда»,-деп айтты.

Ципрас 4,5 жылдык премьер-министрлик кызматында Түркия-Греция карым-катнаштарында кыйын күндөрдүн болгонуна көңүл буруп:«(Президент Режеп Таййип) Эрдоган ар дайым Эрдоган болгон. Акыркы айларда дагы башка бирөө болгон жок. Биз диалог каналдарын мындан да катаал мезгилде да ачык кармоо үчүн көп аракет кылдык»,-деди.

Ципрас өкмөттүн диалог каналдарын ачык калтыруу үчүн активдүү жолго түшпөгөнүн «шалаакылык» деп сыпаттады.



Тектеш кабарлар