Акар Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арызына байланыштуу пикирин билдирди

Акардын жетекчилигинде Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, күч командирлери, министрдин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу жана бөлүк командирлеринин катышуусунда видео телеконференция жыйыны өткөрүлдү.

1848837
Акар Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арызына байланыштуу пикирин билдирди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу: «Террористтерге көрсөткөн колдоосун жана алар менен байланыштарын толук үзбөй, конкреттүү кадамдар жана тажрыйбалар менен көрсөтпөсө, «ооба» деп айтууга мүмкүн эмес»,- деди.

Акардын жетекчилигинде Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, күч командирлери, министрдин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу жана бөлүк командирлеринин катышуусунда видео телеконференция жыйыны өткөрүлдү.

Министр Акар бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздарына токтолуп: «Президентибиздин жетекчилиги менен Испанияга НАТОнун лидерлеринин саммитине барабыз. НАТОдо алдыда турган эң маанилүү маселелердин бири Швеция менен Финляндиянын НАТОго кабыл алынып же алынбоо темасы. НАТОдо бардык чечимдер бир добуштан чыгарылганы үчүн Түркиянын «жок» деп айтуусу менен НАТОго кире албайт. НАТОнун ачык эшик саясатына каршы болушубуз мүмкүн эмес. НАТО кеңейсин, бирок принципиалдуу түрдө. Бул кеңейүү НАТОнун эрежелерине, каада-салттарына жана салттарына ылайык болсун»,-деди.

Акар: «Финляндия менен Швециянын НАТОго кабыл алынышына байланыштуу  террористтерге көрсөткөн колдоосун жана алар менен байланыштарын толук үзбөй, конкреттүү кадамдар жана тажрыйбалар менен көрсөтпөсө, биз үчүн «ооба» деп айтуу мүмкүн эмес. Ошол эле учурда сырдуу эмбаргосун жоюу биздин алар менен болгон жолугушууларыбызда алдыга койгон көз карашыбыз»,-деп айтты.

Террор менен күрөшүүгө да токтолгон Акар операциялардын күчөгөн темпте жана күчтүү түрдө уланып жатканын белгилеп: «Ушул жылдын башынан бери 1843 террорист зыянсыздандырылды. Булар да бүтөт. Террордук уюмдун кыйраганы көрүнүп турат. Бул боюнча маалыматтар бар. Күрөшүүбүздүн темпин жана кысымын улантып терроризмди токтотобуз деп ишенем. Чек араларыбыздын түштүгүндө террор коридоруна эч качан уруксат берген жокпуз, бербей турганыбызды да билдиребиз. Түрк куралдуу күчтөрү катары бизге бериле турган ар кандай тапшырмага даярбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар