Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү

Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.

2132609
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Палестиналык боордошторубуз 203 күндөн бери жалгыз каршылык көрсөтүп жатканда геноцидге үн катпай калышыбызды эч ким күтө албайт»,-деди.

Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Парламенттер аралык Кудс платформасынын 5-конференциясында сүйлөгөн сөзүндө, акыркы кылымдан бери акырындык менен жерлери басып алынган Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.

Эрдоган: «Палестиналык боордошторубуз 203 күндөн бери бардык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан жалгыз каршылык көрсөтүп, бүткүл адамзаттын ар-намысын жалгыз коргоп жатканда, эч ким бизден геноцидге унчукпай калышыбызды күтө албайт»-деди.

«Мындан бир кылым мурда жерлерин басып алган империалисттик күчтөргө каршы эгемендик үчүн күрөшкөн баатыр түрк улутунун уулдары катары биз палестиналыктардын адилеттүү ишинде биргебиз» деген президент, мындан артка чегинбей тургандарын, 1967-жылдагы чек араларда борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү үчүн чын ыкластуу аракеттерди уланта тургандарын билдирди.

Эрдоган: «Газада 203 күндөн бери үзгүлтүксүз уланып жаткан кыргынды эч бир себеп актай албайт»,-деди.

Газага жардамдарда Түркиянын биринчи орунда экенин түшүндүргөн Эрдоган, соода жагынан 54 продукт тобунда Израилге экспортко чектөө киргизген жалгыз өлкөнүн да Түркия экенин белгиледи.

Эрдоган ошондой эле Америка башкаруучулугунун Израилге көрсөткөн шартсыз аскердик жана дипломатиялык колдоосу менен чечүүчү жолго салым кошпогондугун, маселенин дагы да күчөшүнө гана себеп болгонун айтты.

Президент: «Америка башкаруучулугу 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу Түркияга каршы негизсиз айыптоолорду кайталагандын ордуна Газаны карашы керек, Израилдин Газадагы геноцид аракетин көрүшү керек, буга бөгөт болушу керек»,-деди.



Тектеш кабарлар